2017-жылдын 22-июль күнү болжол менен саат 22:00 чамасында Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында белгисиз айдоочу автоунаасы менен жаранды сүзүп кеткен. Бул туурасында Чүй ОИИББнын ПМБнын Басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу алган жаракатынан мерт кеткен жана автоунаа ээси окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесине (жол кыймылынын эрежесин бузуу жана транспорттук каражатын эксплуатациялоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Чүй облусунун ИИББдин ПМБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө “Honda Streem” автоунаасынын ээси 30 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, автоунаасы айып пул төлөөчү жайга жеткирилген. Азыркы учурда экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ