Бүгүн, 10-октябрда милиция КСДПнын төрагасынын орун басары Темирлан Султанбековду 9-октябрдагы “Ала-Тоо” аянтында болуп өткөн башаламандыктарды уюштурууга катышкан деген шек менен 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камады. Бул тууралу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында жарыялаган.
Ал эми Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын айтымында, милиция Темирлан Султанбековду жана Сеид менен Кадыр Атамбаев үчөөсүн колун кайрып кишендеп, муздак жерге 4 саат жаткырып кармаган. Кийин гана аларды тургузуп, үйдүн дубалына таянтып, тикесинен тургузган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ