Menu

Кайсыл алкымсоолор үчүн гранттар келбей жатат?

Бөлүшүү:

ЖКнын жыйындар залында кызыктуу дагы бир жагдай орун алды. “Ойлонбой сүйлөгөн, онтобой оорууга чалдыгат” дегендей ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана агындылоону өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып аз жерден таламайга кала жаздады. Өздөрүн элита эсептеген депутаттар, элди күнөөлөп, коомдук пикир айткан тараптарды көп учурда “кичине ишти да дөөдөй кылып, ырбатып жиберишет” деп калат. Чамасы өздөрү деле бөөдөй ишти дөөдөй кылып жиберишти.

Жыйында депутат Сайдулла Нышанов Аскарбек Токтошевге кайрылып жатып, аларды ишин сынга алып акча жок болсо элге жок деп эле айтуу керектигин билдирди. “Болот-болот деп, бирок беш жылга чейин эч нерсе болбогондуктан элде суроо пайда болуп жатат. Сиз финансы жок болсо “болбойт”, “жок” деп ачык айтышыңыз керек, — деди депутат.

Өз кезегинде Токтошев элди таза суу менен камсыздоо тармагына акча тартуу иштеринде 2016-жылга дейре 8 жылдай вакуум болуп калганын айтты. Анда депутат Нышанов “анын себебин сиз жакшы билесиз, биз алдап койгонбуз” деп Токтошевге кайрылды. Камырабаган Токтошев анын сөзүн кубаттап:

“Биз алдап, берген акчаны жеп койгонбуз. Ошон үчүн насыя, грант берчүлөр бизге ишенбей калган. Ал эми азыр болсо бизге ишеничи бар, ошондуктан берилип жатат”, — деди.

Анда вице-спикер Мирлан Бакиров таң калуу менен Аскарбек Токтошевге “канча жегениңизди айтып койсоңуз?” деп кайрылды. Департамент жетекчиси Бакировдун суроосуна күлүп гана кутулду. Сөз кудурети жаман эмеспи, аз жерден Токтошев ЖКнын ичинен “жегич” болуп чыгып, жертөлөгө кетип кала жаздады.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: