Menu

Оппозиция президенттикке бирдиктүү талапкер чыгара алабы?

Бөлүшүү:

17-апрелде Бишкекте өткөн “Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик” аттуу Тегерек столдо  алдыда боло турган президенттик шайлоону канткенде таза жана ачык өткөрүү маселеси талкууланды.  Өлкөнүн, элдин келечеги үчүн биригип, бирдиктүү талапкерди сунуштоо  демилгеси да көтөрүлдү. Ага саясий партиялардын лидерлери, саясат таануучулар, коомдук ишмерлер, экс-премьер-министрлерден тартып, экс-министр, экс-губернаторлор, профессорлор, акын-жазуучулар катышты. Аягында анын катышуучулары алдыда таза шайлоо  өткөрүүнү, талапкерлер бири-бирин сыйлоо керектигин жана административдик ресурсту колдонбоо тууралуу билдирүү кабыл алышты.

Темир Сариев: “Биз бийликти  экинчи колго тынч өткөрүшүбүз керек”

Экс-премьер-министр Темир Сариев бийлик бутактарынын жоопкерчилиги тууралуу сөз козгоду.
—Биз бийликти шайлоо жолу менен тынч бир колдон экинчи колго өткөрүшүбүз зарыл. Дал ушундай шайлоону камсыз кылсак гана өлкөнү мындан ары өнүктүрүүгө жол ача алабыз. Ал эми шайлоодон чыр чыгып, кырдаал курчуса элибизге абдан чоӊ зыян алып келебиз. Президент Алмазбек Атамбаев экинчи мөөнөткө барбайм, шайлоо мыйзамын өзгөртпөйм жана бийликти “мураскерге” өткөрбөйм деп бир нече жолу айтты. Ошондой эле ал бийлик бутагындагы дагы эки маанилүү кызмат — премьер-министрлик менен Жогорку Кеңештин төрагалыгына да барбай турганын жарыялады.
Президенттин мындай ачык позициясын адилет шайлоо өткөрүүгө жана бийликти тынч жол менен өткөрүүгө кепилдик катары саноого болот деп ойлойм.
Экинчиден, шайлоо бул жалпы жараяндын бир гана бөлүгү. Бул жаатта кийинки алты жылга бийликке ким келет, кандай программа жана команда менен келет абдан маанилүү. Конституция боюнча Президенттин ыйгарым укуктары чектелген. Мисалы, экономика, социалдык тармак өкмөттүн карамагына кирет. Президент күч органдары менен тышкы саясат үчүн жооп берет. Мындан сырткары, Президент парламент менен өкмөт ортосундагы өз ара кызматташтыкты камсыз кылган институт катары айрым учурларда демилгени өз колуна ала алат. Бул абдан маанилүү. Ошондуктан талапкерлердин саясий жана экономикалык платформасына олуттуу көӊүл буруу зарыл. Үчүнчүдөн, талапкердин кандай программа менен шайлоого катышканы эле эмес, бийликке келген соӊ аны аткарабы деген суроо маанилүү. Башкача айтканда, келечектеги президенттин адамдык  жана моралдык сапаттарына да маани беришибиз керек.
Ошондуктан өлкөдөгү демократия жана ачык шайлоонун тагдыры, жоопкерчилиги биздин  саясатчылар менен партиялардын мойнунда турат.

Элмира Ибраимова: “Көз карандысыз IT аудит өткөрүш керек»

Элмира Ибраимова шайлоо учурунда маалыматтык технологияга катуу көзөмөл керектигин белгиледи.
—Азыркы учурда шайлоодо добуштарды санай турган автоматтык системанын объективдүү жана көз карандысыз IT аудит өткөрүш керек. Эң негизги окуя башкы сервер болгон жерде өтөт. Аны көзөмөлдөгөн киши бүтүндөй шайлоо процессин көзөмөлдөйт. Шайлоо процессинин сунуш кылынган электрондук технологиясын жарандык көзөмөлгө алуу системасы керек.
БШК азыр жаңы технологияны—добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды пайдаланып иштеп жатканын белгилеп кетели. Мурда комиссия мүчөлөрү мындай иштин канчалык так экени тууралуу талашып-тартышып жатышкан. Шайлоо процессинин башкаруусунун автоматтык системасы мурункудай эле ишенбөөчүлүктү, шекти жаратат.

Асия Сасыкбаева: “Репрессиялык ыкма колдонулуп жатат”

А. Сасыкбаева  шайлоо алдындагы өлкөдөгү саясий абалга токтолуп кетти.
—Мамлекеттик структуралардын жардамы менен оппоненттерге каршы репрессиялык ыкма колдонулуп жатат. Сөз эркиндигине басым жасалууда. Кадр саясаты болбой эле, анын тез-тез алмаша берүүсү орун алды. Ал эми парламент бийликтен, СДПК партиясына көз каранды болууда. Бүгүнкү күнкү 100дөн ашык партия болсо, алар өлкөдөгү бардык маанилүү көйгөйлөргө көңүл буруп, үн кошуусу керек болчу. Бирок аларды өлкөдө эмне болуп жатканы кызыктырбай калды, көбү бийликтен коркуп атат. Эгер биз ылдам өнүгүп жаткан турмуштан артта калбайлы десек, анда биригишибиз керек. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Мамлекеттик башкаруу аксоодо. УКМКнын тузагында отурган саясий оппоненттер чыгарылышы керек болчу, анткени адвокаттар булардын күнөөсү жок экенин далилдеди. Эгер биз аларды бошотпосок, анда кийинки фазага адам ыйлаарлык абалда өтөбүз.

Камчыбек Ташиев: “Жоопкерчиликти бийликке эле жүктөбөшүбүз керек”

К. Ташиев мамлекетте мыйзамды, стабилдүүлүктү сактап калуу тууралуу сөз козгоду.

—Мамлекеттүүлүк, саясат жана жоопкерчилик бүгүнкү күндө эӊ негизги маселелердин бири. Ошондуктан бул жерде катышып жаткан бардык саясатчылар чогулуп туруп, быйылкы президенттик шайлоодо кантип стабилдүүлүктү сактап калабыз. Кандай адамды шайлоого чыгарабыз, кандай адамды Президент шайлап алабыз жана мамлекетибиз кандай багытта өнүгөт? Ушуну биз талкуулап алууга милдеттүүбүз. Себеби мамлекетибиздеги стабилдүүлүктү сактабай туруп, бийлик ала турган болсок кандай болоорун өзүбүз көрдүк, бир эмес, эки жолу. Мыйзам менен эсептешпеген  адамдарды алып келсек, кандай болорун да көрдүк. Мамлекеттеги стабилдүүлүк бийлик ээлерине тиешелүү. Ал үчүн бардык күч-аракеттер жумшалышы керек. Бирок бүгүнкү бийликтегилер аны аткарган жок. Мүмкүн бүгүнкү күндөгү бийликтегилерге туруктуулуктун кереги жоктур. Экинчи жоопкерчилик саясий уюмдардын, коомдук уюмдардын жана жалпы жарандардын жоопкерчилиги. Биз бир гана бийликке жоопкерчиликти жүктөбөшүбүз керек. Өзүбүз да жоопкерчиликтүү бололу, айткан сөзүбүз, жасаган ишибиз үчүн жооп берели. Үчүнчүдөн, президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин жана алардын командасынын жоопкерчилиги. Ушул залда Президенттикке аттанчу бир нече талапкерлер отургандыр. Алар сөзсүз түрдө жоопкерчиликти сезе билиши керек. Алар эптеп эле шайлоодо утуунун жолдорун издебей, мамлекетибиздеги туруктуулукту, тынчтыкты жана мыйзамдуулукту сактап калганга өзүнүн жана командасынын күч- аракеттерин жумшашы керек.


Акматбек Келдибеков: “Биз,  саясатчылар, к
үнөөлүүбүз”

А. Келдибеков мамлекеттик башкарууда эл менен иштөөнүн зарылдыгы тууралуу билдирди.
—Мамлекетте болуп жаткан иштердин баары саясат, бул экономика саясаты, шайлоо саясаты дегендей ж.б. Ал эми жоопкерчиликке биз көбүрөөк токтолушубуз керек. Бизде үч бийлик бутагы бар. Мыйзам чыгаруу бийлиги, бул парламент. Бүгүн парламентте эч кандай жоопкерчилик жок.  Бүгүн Конституциянын кээ бир мыйзамдарына башка мыйзамдар дал келбейт. Бирок парламент ошого көз жумуп жатат. Экинчи — сот бийлиги. Бизде сот бийлиги барбы? Жок. Сот бир адамдын гана буйругу менен чечим чыгарат. Бул эч кимге сыр эмес. Аны көпчүлүк, ушул отургандар башыбыздан өткөрдүк жана өткөрүп жатышат. Ошол мезгилде жоопкерчилик болбогондуктан көбүбүз унчукпай койгондо, андан дагы жаман болмок. Үчүнчү — аткаруу бийлиги. Бизде барбы аткаруу бийлиги? Жок. Биздин жашоо абдан жакшы болуп кетиптир деп угуп жатасыздар. Маселен, өкмөт мүчөлөрү статистика чыгарганды билбейт деп ойлойм. Өкмөттө иштегендер элди аралап, базарды аралап иштегенди билбейт. Бүгүн мен Өкмөттүн 80 пайызы ички дүң продукция эмнеден тураарын билбейт деп айта алам. Мунун баары жоопкерчиликтин жоктугунан болуп жатат. Биз негизи жоопкерчиликти 2005-2010-жылдары болгон революция дейбизби, кайра алмашуу дейбизби, ошол мезгилде башташыбыз керек болчу. Жоопкерчиликти эч ким моюнга алган эмес, ошондуктан ушундай башаламандык болуп жатат. Ооба, буга биз,  саясатчылар, күнөөлүүбүз. Күнөөнү башка жактан издебеш керек. Ошондуктан биз мамлекеттик башкаруу системасын импорттобой эле, чыгып эл менен чечиш керек. Курултай деп Конституцияга кирди, бирок алты жыл өттү, ал иштеген жок. Ошол курултай ушул үч бийлик бутагынан элдин алдында отчет алышы керек. Ал эми, шайлоо канчалык таза өтөт анын баарын убакыт көрсөтүп жатат. Шайлоо дегенде бир гана адам өзү гана кол менен чийип добуш берүү керек. Бирок биз эки шайлоону тең таза болду деп өткөрдүк. Биз качан таза шайлоого өтөбүз? Ал ар бир адам бюллетенге ээ болсо гана таза өтөт. Кыргызстан бизге, өзүбүзгө гана керек. Башка эч кимге кереги жок. Ошондуктан биригишибиз керек. Ошон үчүн мамлекеттүүлүктү сактайлы десек жоопкерчиликти күчөтүшүбүз керек. Жоопкерчилик бул камоо эмес. Эгер 2005-2010-жылдардагы өткөн бийликтердин прокуратура, сот органдары баары өз иштерин так аткарганда бир дагы бирөөнүн ишин аткарбайт эле. Бул жерде айтылган жалындуу сөздөр канчалык деңгээлде ишке ашаарын билбейм. Эл бир гана эл ичинде ынтымак болсо деп тилеп отурат. Мыйзамсыздык болсо дагы кандай болот билбейм, дагы бир революциядан экинчи революцияга чейин жашап калышыбыз мүмкүн.

Адахан Мадумаров: “Котур ташыбыз ойноп турат”

А. Мадумаров ачуу болсо да чындыкты айтуудан коркпош керек экенин баса белгиледи.
—Мына бул жерде отурган саясий серепчилер силер чындыкты айтасыңарбы? Жок. КТРКдан сүйлөйсүңөрбү? Ооба. Эмнеге? Себеби сүйлө деди. Силер сөзүңөргө жооп бересиңерби? Жок. Эмне үчүн? Себеби жоопкерчилик жок. Жаштар бир нерсе жасайсыңарбы? Жок. Шайлоодо добушуңарды сатасыңарбы? Ооба. Мына бул дагы бүгүнкү күндүн диагнозу. Саясий серепчи болосуңбу, журналист болосуңбу же саясатчысыңбы — бардыгың айткан сөзүңө ишенбейсиң. Бирикпейсиң. Мындан бир жыл башта шайлоо системасын өзгөртөлү деп үч партия сунуштады эле, бирөөңөр келип койгон жоксуңар. Биз чындыкты айткандан коркпошубуз керек. ММК минтип-тигинтип жазып коет деп коркпош керек. ММК билгенин жазат. Дооматты тек гана саясатчыларга коесуңар. Бүт балээнин баары — интеллигенцияда. Зыңкылдатып мактап жүрүп, Бакиевди көмдүңөр. Зыңкылдатып көтөрүп жүрүп Отунбаеваны соктуңар. Бүгүн да зыңкылдатып атасыңар. Бул деңгээл, деградация мамлекеттик деңгээлге чейин түштү. Буга чейин журналисттер   ырчыларды жетелеп жүрүшсө, бүгүнкү күндө УКМК менен ИИМди жетелеп жүрүшөт. Бир нерсе болдубу сага иш ачабыз, эсиңде болсун, ойлонуп сүйлө, байкап сүйлө. Бүгүн ушундай диагнозду койбосом, биз оңолбойбуз. Мына бул жерде канчалык биригели дегенибиз менен ар бирибиздин ичибизде котур ташыбыз ойноп отурат.

Мира Жангарачева: “Кантип шайлайбыз деп ойлонушубуз керек”

М. Жангарачева саясат жана анын жоопкерчилигине токтолуп кетти.
—Учурда 10-15 адам президенттикке талапкерлигин коюуну каалап жатса керек. Бирок биз кимди шайлайбыз деп эмес, кантип шайлайбыз деп ойлонушубуз керек. Биздин тандообузга жараша ал адам да натыйжалуу иштеп кетиши керек. Бүгүнкү тема боюнча ала турган болсок “Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик” деп аталат. Мамлекетти карай турган болсок, бизди отургузуп коет. Ошондуктан саясат жана жоопкерчиликке токтололу. Бул боюнча адистер менен болгон бир нече жолку жолугушууларда жакшы идеялар айтылып келген. Бүгүн болсо биз эң кыйынбыз, элдешебиз, макулдашабыз дей турган болсок, менин оюмча, эч нерсе өзгөрбөйт. Себеби баары түшүндү. Биз кимбиз, биз эмнеге татыктуубуз дегендей.

Гүлбара Барыктабасова: “Котур ташты коюндан алып, бириккиле! Күч болгула!”

Г. Барыктабасова идеяларды ортого салып, балдарыбыздын келечеги үчүн биригүүгө чакырды.
—Бардык саясий партиялар шайлоонун алдында элди ар кандай жол менен алдаганга өтөт. Бул сыр деле эмес, баарыбызга белгилүү. Маселен, 2017-жылдын 17-январында Дача-СУда учак кулап, эмне болгонун жакшы билесиздер. Мамлекет жана мамлекеттик бийликке караганда жарандык коом биригип, беш-алты адамдан турган координациялык кеңеш түзүп натыйжалуу иш алып барганбыз. Мен координациялык кеңештин мүчөсү элем. Мындан ары күчтүү идеяларды ортого салып, балдарыбыздын келечеги үчүн, карапайым эл үчүн биригиңиздер! Котур ташты коюндан алып бириккиле, күч болгула!

Аликбек Жекшенкулов: Тышкы фактор – саясатка, коомго, экономикага жана маданиятка чоң таасир тийгизет”

Экс тышкы иштер министри А. Жекшенкулов дүйнөлүк абалды да эске алып коюуну эскертти.
—Бүгүнкү жыйынга эртең Кыргызстандын келечеги эмне болоруна кайдыгер болбогон адамдар чогулуптур. Кайсы убакытта, кандай абалда президенттик шайлоо өтөөрүнө сиздердин көңүлүңүздөрдү бургум келет. 2005-2010-жылдардагы революция же бийликти басып алуу деп атайбызбы, ошол убакытта да эл аралык мамиле туруктуу болчу. Бирок бүгүн айрым саясатчылардын Кыргызстандын эртеңки келечеги жана азыркы абалын Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктан тышкары сыяктуу талкуулашат. Тышкы фактор – саясатка, коомго, экономикага жана маданиятка чоң таасирин тийгизет. Ушул жерде мурдагы премьер-министрлер, министрлер, губернаторлор, баарыңыздар отурасыздар. Эми кимдир-бирөөнүн амбициясы үчүн эмес, Кыргызстанга керек идеялардын үстүндө биригишибиз керек. Бирөөнү тандап алалы деп иш алып барбай, биздин мамлекеттин туруктуулугун жана тынчтыгын ойлошубуз керек. Бир гана өзүн, партиясын эмес, жалпы Кыргызстанды жана дүйнөлүк аймакты ойлогон адамды тандообуз зарыл. Мына ушул жерде отурган баарыбыз мурдагыга, учурга жана келечекке жоопкерчиликтүүбүз.

Зайнидин Курманов: “Биригүү жолу аркылуу жеңе алабыз”

З. Курманов бирдиктүү талапкерди алып чыгуу идеясын сунуштады.

—Эгерде биз көздөгөн максатыбызга жетели десек, татыктуу талапкерди биргеликте көрсөтүшүбүз керек. Бир гана биригүү жолу аркылуу жеңе алабыз. Маселен, башка мамлекеттердин тажрыйбасын алып көрсөк, Молдова, Украина, Перу сыяктуу мамлекеттерде шайлоо башкача өтөт. Эгерде бийликчил партия жеңишке жетерине көзү жеткен оппозициялык партиялар жана күчтөр биригип туруп, бир талапкерди көрсөтүп утушка ээ болгонго мүмкүнчүлүк бар. Экинчиден, шайлоого баарынын катышып кереги жок. Буга чейин талапкерлердин саны канча болгону баарыбызга белгилүү, бул жолу дагы талапкерлердин саны көп болот болушу керек. Көп талапкерлер болсо, бизде бул демократия деп айтылат. Жок, бул демократия эмес, ал — жоопкерсиздик. Анткени шайлоочулар кимди тандаарын билбей калат жана кимге добуш берери кыйын болот. Биз талапкерди эмес, анын долбоорлорун тандасак жаңылбайбыз.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: