Menu

Дача-СУ кырсыгына күнөөлүүлөр аныктала элек

Бөлүшүү:

Өткөн жылы 16-январда 39 кишинин өмүрүн алган учак кырсыгына күнөөлүү тарап так аныктала элек. Бул иш боюнча жүрүп жаткан тергөөнүн алдын ала божомолу боюнча, кырсыкка учкучтар күнөөлүү деп табылган.

Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, кырсыктын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн Дача-СУ айылындагы эстеликтин ачылышында билдирди. Анын айтуусунда, бул акыркы тыянак эмес, эл аралык комиссия кырсыктын себептерин дале иликтөөдө.

13-январда Дача-СУ айылында өткөн жылкы учак кырсыгынын курмандыктарына арналып, эстелик ачылды.

Былтыр 16-январда “Манас” аэропортуна жакын жайгашкан Дача -СУ айылына жүк ташыган учак кулаган. Андан жергиликтүү 35 тургун, 4 учкуч набыт болгон. Алгачкы маалыматтар боюнча, учак аэропортко май куюу үчүн токтогону келе жатып кырсыктаганы маалымдалган. Кийинчерээк учактагы жүктүн бир бөлүгү кыргызстандык жаранга тиешелүү экендиги айтылып, бирок жүктүн ээси ким экени табышмак бойдон калган. Бул маселе боюнча президенттин өкүлү бүгүн кыскача маалымат берип, учактагы жүк боюнча да тергөөнүн жыйынтыгында айтыларын белгиледи.

Абулгазиевдин сөзү боюнча, учактагы жүк Стамбулга багытталган, “Манас” аба майданына учак май куюу жана учкучтарды алмаштыруу максатында гана конуп жатып кырсыкка кабылган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: