Menu

Фото – Өзбекстанда кылмышка шектүү аялды чечинткен милиция кызматкери 6,5 жылга камалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-ноябрда Өзбекстанда уурулукка шектелип кармалган аялды жылаңачтанып чечинүүгө мажбурлап, аны видеого тарткан милиция кызматкери 6,5 жылга соттолду. Бул тууралуу Today сайты жазып чыкты.

Ички иштер министрлигинин мурунку кызматкери Санат Умаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында шектүү аялды чечинтип, видеого тартып, аны кесиптештерине көрсөткөн. Кийинчерек ал видео социалдык тармактарда да тарап кеткен.

Шектүүнү кордогону үчүн С.Умаровдун үстүнөн ӨР кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 1-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 235-беренесинин 2-бөлүгү (Мыкаачылык менен жазалоо) жана 241-1-берене (Кылмыш ишин атайын жашыруу) боюнча кылмыш иши козголуп, ал 6,5 жылга эркинен ажыратылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: