Ош облустук бириктирилген клиникалык ооруканасынын дарыгери Бахтияр Абдраим уулу коронавирус илдетин жуктурган бейтаптарды дарылап жаткан учурда биринчи баласынын төрөлгөнү жөнүндө сүйүнүчтүү кабар уккан. Бирок өзү карантинге алынып, үйүнө барып, баласын көрүүгө уруксат берилбеген.
Азыркы учурда ал милдеттүү түрдө карантинде жатат жана жакында үй-бүлөнүн жаңы мүчөсүн көрө алат!
“Пандемия башталгандан бери инфекция бөлүмүнө кирип иштөө боюнча дарыгерлерге атайын график түзүлгөн. Мен 6-апрелде өзүмдүн бригадам менен ал жака кирип ишти баштадым. Иштеп жаткан учурда вирус жуктургандар көп эле келип жатты. Биз инфекционныйдан 14 күн эч жака чыкпай иштеп жаттык. Бейтаптарды дарылап жаткан учурда мага балалуу болгонумду айтышты. Бул менин эң биринчи уулум. Жакшы жаңылыкты угуп аябай сүйүндүм. Ал эми 20-апрелден баштап биз обсервацияда жатабыз. Учурда эртерээк баламды көргүм келип жатат. Уулум өзүмө окшош, аны аябай сагынып жатам”,- деди Бахтияр Абдраим уулу.
Учурда Ош облустук бириктирилген клиникалык ооруканасынын 12 медициналык кызматкери обсервацияда жатат. Ал эми алар бүгүн, 4-майда карантин мөөнөтү бүтүп, үйлөрүнө чыгарылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ