2018-жылдын 6-март күнү саат 18:20 чамасында Чүй облусунун Сокулук районунун Токбай айылынын Проектируемая көчөсү №3 дарегинде аянты 40 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №7 Өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 18:58 чектөогө алынып, саат 19:25те толук өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда(фото).
Ошондой эле, 2018-жылдын 6-март күнү саат 14:47 чамасында Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын Фрунзе көчөсү №199 үйдүн 16-батирдин 15 чарчы метр ашкана бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №23 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 16:15те толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби тиричилик газ буюмдарын пайдаланууда эреженин бузулушу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ