Menu

Иран түркмөн газын Пакистанга жеткирүүгө даяр

Бөлүшүү:

Иран энергетика министринин орун басары Хамид Реза Араки Тегеран түркмөн газын Пакистанга жеткирүүдө ортомчу болууга даяр экенин билдирди.

ИРНА (IRNA) маалымат агенттиги кабарлагандай, иран чиновниги түркмөн газын Ооганстан аркылуу Пакистан жана Индияга жеткирүүгө негизделген ТАПИ долбоорунун ишке ашуусунан күмөн санаган.

Ал Иран аймактагы бардык өлкөлөр менен газ жеткирүү долбоорлорунда кызматташа аларын айткан.

ТАПИнин түркмөн тилкесинин курулушу 2015-жылы декабрда башталган. TAPI Pipeline Company Limited оператору түркмөн аймагы аркылуу Индияга 2020-жылдан тарта газ берүүн пландоодо. 10 млрд долларга бааланган, 1,814 чакырым узундуктагы куур аркылуу Галкыныш кенинен жылына 33 миллиард кубметр газ берүү каралган.

23-февралда Түркмөнстан, Ооганстан, Пакистан жана Индия жетекчилери газкуурунун ооган тилкесинде курулуш баштоого уруксат берген. Өзбекстан 23-апрелде бул долбоорго катышууга ниеттенип жатканын жарыялаган.

Буга чейин Иран түркмөн газын Азербайжанга жеткирип турган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: