Укук коргоочулар №1 тергөө абагына коронавирустун жоктугун тастыктаган күбөлүк болгондо гана киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, укук коргоочулар ошондой эле өзү менен кошо бет кап жана кол кап алып жүрүшү керек. Ушундай эле эрежелер тергөөдө жүргөн адамдардын жакындарына да колдонулат. Ошондой эле Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдиргендей, өзгөчө кырдаалдын жокко чыгарылышына байланыштуу, 11-майдан баштап, алар жолугууга уруксат алышы мүмкүн.
Ошондой эле камактагылардын туугандары жана достору дагы коронавирус илдетинин жоктугун тастыктаган күбөлүк көрсөтүүгө милдеттүү.
“Мындан тышкары, тергөө изоляторундагы тестирлөө маселеси каралып жатат. Жабык мекемелердин кызматкерлери инфекцияга текшерүүдөн өтүштү”,- деп баса белгиледи ЖАМКдан.
Өз кезегинде Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун башчысы Динара Саякова аталган борбор СИЗОдо кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган аялдарды, кары адамдар жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин санкциясын үй камагына же өзгөртүү тууралуу кайрылуу даярдаганын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ