Menu

Зууракан Каденова: “Деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте турган айылдарга гана жеңилдиктер каралган”

Бөлүшүү:

“Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмө берип, КР Эмгек  жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова бүгүн, 24-ноябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

“Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, бийик тоолуу райондордо иштегендердин айлык акысына каралган коэффициенттик төлөмдөр эсептешиле баштайт. Мисалы, бир эле адис аталган аймакта 2 жерде иштесе, ага төлөнө турган коэффициент ошол ал иштеген эки жерде тең бирдей эсептелиши керек болот. Балким ал адис шарты жакшы эле жерде жашап, бирок ал иштеген жер бийик тоолуу, шарты катаал же жетүүгө кыйын болгон аймактардын категориясына кирсе, ошол иштеген жеринин жайгашкан жери  бул жерде негизги роль ойнойт. Мисалы, чек арада иштегендердин иши өзгөчө аймакта турат. Ал эми жашаган жеринде көйгөй жаралбайт. Алар дагы иштеген жери боюнча коэффициенттик төлөмдөрдү алууга укуктуу”,- деп түшүндүрдү министрдин орун басары.

Андан тышкары Кочкор районунун Семиз-Бел айылындагы мектептин мугалимдери айлык акысындагы өзгөрүүлөр боюнча маселе коюп маалымат каражаттарына кайрылышкан. Бул теманы улантып, Зууракан Каденова,- “Семиз-Бел айылы бийик тоолуу айылдардын тизмесине кирбейт. Анын бийиктиги деңиз деңгээлинен 1790 метр бийиктикте турат. Ал эми коэффициент алчу айылдар деңиз деңгээлинен 1800 метрден жогору туруш керек. Мисалы, ошол Семиз-Бел айылына катарлаш жайгашкан  Жаңы –Жол жана Кара-Тоо айылдары бийик тоолуу айылдардын тимесине кирет. Андагылар кошумча төлөм алышат. Себеби, алардын олтурукташкан жерлери бириники – 1809 метр, экинчисиники – 1802 метр деңиз деңгээлинен жогору турат”, – дейт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: