Menu

Премьер-министр Сапар Исаковго жана ыкчам штабдын жетекчиси Аскарбек Шадиевге Бишкек шаардык ЖЭБдин иштен чыгуусунун себептерин жоюу боюнча маалымат беришти

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча ыкчам штабынын жетекчиси Аскарбек Шадиев Бишкек шаардык ЖЭБдеги жылуулук менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү иштерин инспекциялашты.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев Өкмөт башчыга Бишкек ЖЭБдеги абал тууралуу маалымат берди.

Азыркы тапта Бишкек шаардык ЖЭБ ишин калыбына келтирүү боюнча иштер штаттык режимде жүрүп жатат. Бул максатта ысык суунун  жана электр кубаттуулугунун кадимки режимде берилишин калыбына келтирилиши менен температуралык режимди стабилдештирүүгө жардам берген кошумча буу казан ишке берилди. Ишканада «Бишкек жылуулук тармагы» ААК белгилеген жылуулукту кадимки режиминде берүү үчүн кубаттуулукту күчөтүү иштери уланып жатат. Кийинки сутканын ичинде жылуулук менен камсыздоо «Бишкек жылуулук тармагы» ААК бардык керектөөчүлөрү үчүн ырааттуу түрдө калыбына келтирилет.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев ЖМК жана социалдык тармактарда ЖЭБ модернизацияланышы темасы жана анын азыркы учурдагы ролу кенен талкууланып жатканын белгилеп кетти.

«Модернизацияланган станциянын бөлүгү штаттык режимде иштеп жатат. Негизинен ошол үчүн (төртүнчү блок) станция жүктөмдү көтөрүп жатат. Авариялык абал эски блоктордо пайда болду. Эгерде жаңы блоктордун туруктуу иштөөсү болбосо, бардык жылуулук трассалар тоңуп, электр энергия менен камсыздоодо узак чектөөлөр жаралмак», – деди ал.

Ал ошондой эле  электр энергиянын массалык өчүүсүнө алып келген ири аварияларды алдын алууга  мүмкүн болгонун белгиледи.

«Электр энергияны берүүдөгү иштен чыгуулар болду, бирок түзүлгөн 27 мобилдик бригада ыкчам түрдө бузулууларды жоюшту. Кийинки сутканын ичинде Бишкек шаардык ЖЭБ жана «Бишкек жылуулук тармагы» ААК адистери жылуулук берүүнү кадимки режимге түшүрүшөт, тактап айтканда суунун температурасы бара-бара жогорулай баштайт», – деп жыйынтыктады «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башчысы Айбек Калиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: