Menu

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев Берлиндеги совет жоокерлеринин эстеликтерине гүлчамбар коюуга катышты

Бөлүшүү:

9-майда Берлин шаарында, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына мааракелик датага карата Трептов паркындагы Боштондуктун жоокеринин монументине жана Тиергартен паркындагы совет жоокерлеринин Мемориалына гүлчамбарлар коюлду.

Аталган иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эринес Оторбаев КМШ өлкөлөрүнүн  дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен бирге катышты. Иш чаранын катышуулучары Берлиндин башкаруучу бургомистри М.Мюллер, Саксония Федералдык жеринин Премьер-министри М.Кречмер, Германиянын Федералдык Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Ш.Штайнляйн, Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик министри Н.Аннен, Берлиндин депутаттар палатасынын төрагасы Р.Виланд, германдык коомчулуктун өкүлдөрү, Берлиндин тургундары жана меймандары болду.

Франкфурт/Майн шаарында ошондой эле, Жеңиш күнүнө арналган иш-чара өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Франкфурт/Майн шаарындагы Консулдук агенттиги катышты.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: