Menu

Өкмөт кен иштетүү чөйрөсүндө коопсуздукту камсыздоо маселелерин өзгөчө көзөмөлдө кармайт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин «Кыргыз Республикасынын кен пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыздоо чаралары жөнүндө» чечимдерин ишке ашырууну өзгөчө көзөмөлдө кармайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астындагы Коопсуздук кеңешинин жыйыны 2019-жылдын 30-январында өткөн.

Кыргызстандын Өкмөтү тоо-кен тармагында жана кен иштетүү чөйрөсүндө жылдар бою топтолгон олуттуу  көйгөйлөрдү, анын ичинде тоо-кен жаатын өнүктүрүүгө тоскоолдук жараткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, инвесторлордун жана жергиликтүү калктын өз ара натыйжасыз аракеттенүүсүн чечүүнү өзүнүн артыкчылыктуу багыттары катары көрөт.

Өкмөт  Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу, анын ичинде кен пайдалануу чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: