Menu

Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий жолугушуу аземи болду

Бөлүшүү:

Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий визитинин алкагында бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында чет элдик мамлекеттердин башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Мамлекет башчылары Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Андан соң учурашуу аземинен кийин Кыргызстандын жана Монголиянын Президенттери кеңири курамдагы жолугушууга багыт алышты.

Кеңири курамдагы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Ошондой эле Кыргызстанга расмий визиттин алкагында Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Монголия Президентинин катышуусу менен Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ачылышы болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: