Мурунку мэр Мелис Мырзакматов чартердик учак менен 6-октябрдан 7-октябрга караган түнү Ош эл аралык аэропортуна келип конду. Аны аэропорттон ондогон тарапкерлери, автоунаалар кортежи тосуп алышты.
Мырзакматов, айрым маалыматтарга караганда, Түркиядан учуп келген. Аэропорттон ал шаардын борбордук аянтына жөнөдү.
Эскерте кетсек, 2015-жылы Ош шаардык соту мурдагы мэр Мырзакматовго “кызмат абалынан пайдаланган” деген берене менен сыртынан өкүм чыгарып, жети жылга эркинен ажыраткан эле. Башкы прокуратура Оштогу көпүрөнүн курулушу боюнча 2013-жылы эки жолу тендер мыйзамсыз өткөрүлүп, мамлекетке ири суммада зыян келген деп тапкан. Ал өлкөдөн чыгып кетип, расмий издөө салынган. Өзү болсо тагылган айыптарды четке кагып келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ