Menu

Маккейнди акыркы сапарга узатуу зыйнатына Трамп чакырылган жок

Бөлүшүү:

Ишембиде көз жумган америкалык сенатор Жон Маккейндин сөөгү  Аннаполис шаарындагы Деңиз аскер күчтөр академиясынын көрүстөнүндө коюлат. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Аризонанын парламенттик ассамблеясында өтөт. Маккейн 35 жыл бою Конгрессте Аризонанын атынан иш алып барган.

Жерге берүү зыйнатына чейин мыйзам чыгаруучунун табыты Америка парламентинин “жүрөгү” – Капитолияда болот. Тарыхта мындай урматка АКШнын белгилүү 30 кишиси гана ээ болгон. Аза күтүүгө байланыштуу Акүйдө туу түшүрүлдү.

Маркумдун каалоосу менен акыркы сапарга узатууга мурдагы америкалык президенттер – кенже Жорж Буш жана Барак Обама чакырылды. Алар президенттик шайлоодо сенатордун атаандаштары болгон.

Жерге берүү иш-чарасын түрүү кезинде өз алдынча пландаган Маккейн зыйнатка президент Дональд Трампты чакырткан эмес. Маркум Трамптын Сирия, Орусия жана Кытайга карата саясатын кескин сындаган. Трамп болсо Маккейнди жөндөмсүз деп атаган. Бирок сенатор өлгөндөн кийин Трамп Твиттерде анын үй-бүлөсүнө көңүл айткан.

24-августта саясатчынын үй-бүлөсү сенатор рактан дарылануусун токтотконун жарыялаган. Маккейн акыркы жылдары мээсиндеги шишиктен жабыркап, дарыланып келген. Ага 2017-жылдын июнь айында мээ шишигинин эң оор түрү саналган глиобластома диагнозу коюлган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: