Menu

Ногойбаев өз кызматкеринин өмүрүнө коркунуч жаратып жатабы?

Бөлүшүү:

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков: «Коррупционерлерди ачык атагыла, чара көрөбүз» деп айткандан бери, мамлекеттик айрым мекеменин кызматкерлери президентке өз тармагындагы коррупция боюнча кайрылууларды байма-бай жасай башташты. Мына «Кыргыз темир жолундагы» коррупция маселесин ачык айтып чыккан аталган мекеменин кызматкери Алия Асанбаева президентке кайрылуу жасап, жетекчилик тарабынан болгон куугунтуктоолордон коргоосун суранды. Видео-кайрылууда: “Урматтуу Сооронбай Шарипович! Коррупция маселеси боюнча менин сизге кайрылган видео-тасмадан соң, жетекчилик тарабынан мени куугунтуктоо башталды. Менин артымдан ар кандай кол чогултуу жүргүзүп, маалымат жыйындарды өткөрүп, менин беделиме шек келтиришүүдө. Мындан сырткары наркотикалык заттарды ташыган тууралуу кылмыш иштерин мойнума илип жатышат. Бул маселе боюнча транспорт министринин орун басары Азимбек Жусубалиевге кайрылууга аракет жасадым, бирок ал мени кабыл алган жок. Мамлекттик органдар тарбынан эч кандай реакция жок. Менин видео-кайрылуумдун натыйжасында кылмыш иши козголду, ал эми сизден суранаарым Сооронбай Шарипович, ушул иш сотко чейин жетүүсүнө өбөлгө түзүп берсеңиз. Эгер бул иш аягына жетпей калса, мен кызымдын энесиз калуусунан корком”, — деп айткан. Ырасында, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Алмаз Ногойбаевдин ишмердүүлүгү туурасында мыйзамга каршы иштер бир топ экени айтышып келе жатат. Бирок бир дагы орган маани берип, чара көргөн жок. Анан кайдагы коррупция менен күрөш аягына чыкмак эле?..

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: