Menu

Өзбекстан мурдагы башкы прокурордун шеригин издөөдө жүргөндөрдүн тизмесинен чыгарды

Бөлүшүү:

Испания соту мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровдун “кылмыштуу шериги” деп эсептелген ишкер Алишер Ходиевди Өзбекстанга экстрадициялоого уруксат берген  токтомду жокко чыгарды. Бул тууралуу анын испаниялык адвокаты Хуан Карлос Брей билдирди. Алишер Ходиев камактан бошотулду.

40 жаштагы Алишер Ходиев 10-мартта Өзбекстан Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен Барселона шаарында кармалган. Ходиев мекенинде “опузалоо”, “алдамчылык” жана “арам акчаларды адалдоого” күнөөлөнүүдө.

Ага Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыровго каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында айып тагылган.

17-июнда Мадрид соту эл аралык издөөдө жүргөн ишкер Алишер Ходиевди Өзбекстанга экстрадициялоо боюнча токтом кабыл алган. Испан соту бул чечимин Ходиевге каршы айыптоолор саясий эмес, экономикалык мүнөздө экени менен түшүндүргөн. Бирок Өзбекстан Ходиевди издөөдө жүргөн жарандардын тизмесинен чыгаргандан кийин, 7-августта испан соту биринчи токтомду жокко чыгарган.

Маалыматтарга караганда, Өзбекстан башкы прокуратурасы испан сотунун токтомуна каршы чыккан эмес, бирок Ходиевдин мекенине келип көрсөтмө бериши зарыл экенин билдирген.

Бирок адвокат Хуан Карлос Брей Испанияга келген Башкы прокуратуранын өкүлү Исраид Адхамовго расмий түрдө ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

Өзбекстандын башкы көзөмөл органы Алишер Ходиев мурдагы башкы прокурордун кылмыштуу иштериндеги шериги болгон деп эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: