23-март күнү Бишкекте, белгилүү журналист жана революционер Бабырбек Жээнбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Ага коомчулуктун көп сандаган өкүлдөрү катышып, маркумдун дарегине жылуу эскерүүлөрдү айтып узатышты.
Бийликтин атынан КР Президентинин аппарат башчысы Досалы Эсеналиев чыгып сүйлөп, Бабырбек Жээнбековдун кыргыз мамлекетине кылган эмгеги, анын жеке адамдык мыкты сапаттарына токтолду.
Ал эми Бабырбек агабыздын кылган эмгегин учурунда татыктуу баалабаган мурунку бийликтин өкүлү Фарид Ниязов шүмшүңдөп келип, маркумдун уулу Равшан Жээнбековго көңүл айтып коюп качып кетти. Атамбаев оң колу Фаридди жумшабай өзү келип, бата кылып кетсе деле жарашмак. “Революцияны баатырлар жасайт, үзүрүн бузукулар көрөт” дегендей эле 2010-жылдагы революцияны Бабырбек агадай баатырлар жасашты, бирок үзүрүн Атамбаев, Ниязов сыяктуу жексурлар көрүштү.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ