Menu

Өткүрбек Жамшитовду тааныйсыңарбы?

Бөлүшүү:

Кечээ Жогорку Кеңештин Конституциялык түзүлүш, мамлекеттик мыйзамдар жана парламенпин регламенти боюнча комитети Өткүрбек Жамшитовду КРнын Башкы прокурорлук кызматына жактырды.

Буга чейин Жалал-Абад областынын прокурору болуп иште келген Ө.Жамшитовдун талапкерлигин Башкы прокурордукка президент сунуштаган. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Ө.Жамшитов кыска эле, “мыйзамды сактап так иштейм, саясий коз карашка жол бербейм”,- деп убада берди.

Өткурбек Жамшитов 42 жашта. Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылынын кулуну. 1996-жылы Кыргыз Улуттук Универси-тетинин “укук таануу” факультетин окуп буткон.

1997-жылы эмгек жолун Талас шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы кызматынан баштаган. Андан бери Талас облустук, Бакай-Ата, Алай, Кадамжай, Лейлек райондук прокуратурасында иштеген.

2015-жылдан бери Жалал-Абад облусунун прокурору, II класстагы юстициянын кенешчиси чини бар.

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: