Menu

Милиция: Монополияга каршы агенттигинин башчысы Сабировдун уулунун абактан бошотулушунун себеби иликтенип жатат

Бөлүшүү:

Монополияга каршы агенттигинин башчысы Шухрат Сабировдун уулу Аброр Сабировдун СИЗО-1ден бошотулушунун себеби такталууда. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алар билдиргендей, тергөө ишинде Сабиров жана камакка алынган экинчиси М.М.нын кылмыштуу жол менен байуу максатын көздөбөгөндүгү аныкталган.

“Унаалар чет өлкөлөрдөн буйрутма берүү менен өз акчаларына сатылып алынган” – деп айтылат маалыматта.

Ушуга байланыштуу, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси “Тергөө иштерине тоскоолдук кылуу” жана 190-б. “үйдүн кол тийбестигин бузуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ошентип, 21-октябрда айыптоо актысы түзүлүп, 23-октябрда Чүй облусунун прокуратурасы актты жактырып, материалдарды Ысык-Ата райондук сотуна жөнөткөн.

“Кылмыш ишинин материалдары сотко өткөрүлүп жаткан учурда айыпталуучулар убактылуу кармоочу жайда отурушкан. Сабировдун бошотулушунун себеби иликтенип жатат”, – деп кошумчаланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: