Menu

Болсунбек Казаков Жээнбековдун изи менен кетеби?

Бөлүшүү:

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков кыйын экенин көрсөтөйүн дедиби, же коомчулуктун, айрыкча журналисттердин катуу сынына чычаладыбы, айтор иштеп жатканын көрсөткөндөй түр кылды. Айтсак, өзү
жетектеп жаткан фонддун тизмесинде аты бар, заты жок иштебей турган 71 ишкананы жокко чыгарган жар салды. Бирок бул ишканалардын басымдуу бөлүгү Казаковго чейин жокко чыгарылган. Казаков болгону өткөн жылдын жыйынтыктарын айтып “жыргап” жатат деп түшүнсөк болот. Ошондой эле учурда мамлекеттик 58 ишканада акционер болуп эсептелет, булардын ичинен дагы алтоонун иши токтотулат экен. Өткөн жылы фонд иши жүрүшкөн ишканалардан 2 млрд, 285,5 млн. сом топтогону белгилүү болду. Мунусун го бул дейли, эң жаманы Мүлк фонду 2015-2017-жылдары мамлекетке караштуу 39 ишкананы сатуу, менчик колуна өткөрүп берүүгө жанталашып жан
үрөп турат. Казаков эми мамлекеттин мүлктөрүн ит бекер пулдоо жагынан алдына киши салбаган, акыл үйрөткүч, амбициясына чек жок Равшан Жээнбековдун баскан изи, ыксыз ыкмасы менен иштейби? Маселен, ал сатыкка коюла турган мекемелердин ичинде “жылына 50 миң сом гана киреше табат” деген чындыкка кошпогон жүйөө менен “Семетей” мейманканасы да бар экен. Мына сага, сасык саясат, жеке мүдөө кайда экенин байкап жатасыздарбы?

Булак: “Багыт.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: