Menu

Арменияга орусиялык 200дөй тынчтык орнотуучу келди

Бөлүшүү:

Орусиянын аскердик-транспорттук авиациясынын учактары Арменияга 200дөн ашуун тынчтык орнотуучуларды жеткирди.

Орусия Коргоо министрлиги билдиргендей, 15-тынчтык орнотуучу бригаданын командирлери жоокерлер менен бирге Ил-76 үлгүсүндөгү 12 учак менен Армения Республикасына конду.

Алар жайгаша турган аймакка бронетехника жана байланыш каражаттары жеткирилди.

Тоолуу Карабактын жаңжал чыккан аймагында жайгаша турган тынчтык орнотуучу контингенти жалпысынан эки миңдей аскер кызматкерин түзөт. Мындан тышкары 90 бронетранспортер, 400дөй автомобиль жана атайын техникалар болот.

Орусиялык аскер байкоочулары Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырып турган Лачин коридорун бойлой жайгашат.

10-ноябрь түнү Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын арачылыгы алдында Тоолуу Карабактагы атышууну токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ал документке ылайык, Азербайжан соңку кагылышууда ээлеген аймактарга өз көзөмөлүн сактап калат.

Тоолуу Карабактагы кагылышуу учурунда чыгып кеткен качкындар эл аралык келишимдер боюнча кайтып барат. Келишимде орусиялык тынчтыкты камсыз кылуу күчтөрүн талаштуу аймакка кеминде беш жылга жайгаштыруу каралган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: