Menu

Вице-спикер Аида Касымалиева менен Швеция парламентинин вице-спикери Аса Линдестам эки тараптуу кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алышты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Швеция Рикстагынын биринчи вице-спикери Аса Линдестам баштаган делегация менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелердин келечеги тууралуу пикир алышты. Жолугушууга депутаттар Гүлшат Асылбаева, Махабат Мавлянова, Айсулуу Мамашова, Жылдыз Мусабекова, Наталья Никитенко, Карамат Орозова, Айнура Осмонова, Элвира Сурабалдиева, Рада Туманбаева катышты.

Жолугушуу жүрүшүндө депутаттар Кыргызстан менен Швециянын парламенттеринин ортосундагы кызматташтык мамилелердин жанданышына кызыкдар экендиктерин, мындан ары да өз ара байланыштарды чыңдоо зарылдыгын белгилешти.

Вице-спикер Аида Касымалиева кыргыз парламентинин ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү, андагы Айым-депаттар форумунун калкты социалдык жактан коргоо усулдарын өркүндөтүү, аялдардын саясатка катышын кеңейтүү жаатында жетишкен ийгиликтери тууралуу учкай маалымат берди. «Биз Швециянын Рикстагы менен кызматташтык мамилелерди кеңейтүүгө жана анын депутаттары менен аталган тармактар боюнча тажрыйба алмашууга даярбыз. Бийликтеги аялдар өз иштерин жигердүү жүргүзүп, калк турмушун жакшыртуу жаатында ишенимдүү натыйжаларга жетишүүгө тийиш», – деди ал.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Жогорку Кеңештин депутаттары жазуучусу Ларса Эрика Блумквистке швед окурмандарын Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен тааныштыруу багытында жасаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдиришти. Аида Касымалиева жазуучуга кыргыз жазуучусунун 9 чыгармасын швед тилине которгону үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: