“Чындык” сайтынын редактору 16-январда Аскер прокуратурасына суракка күбө катары гана чакырылганын айтып, эмнеге байланыштуу экенин билбеситигин билдирди. Журналисттердин “Курсан Асановдун иши менен байланыштуу эмеспи?” деген суроосуна журналист башын чайкап, мурдагы милиция аткаминери менен эч кандай байланышы жок экендигин, жакындан сүйлөшпөгөнүн айтты.
Кечээ, 15-январда “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Арслан Сартбаев да Аскер прокуратурасына чакырылып, ИИМдин экс-орун басары Курсан Асановдун иши боюнча күбө катары сурак берген. Ал эми активист Адил Турдугулов Аслан мырзаны вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков жөнүндө гезитке чыккан материал боюнча чакырылганын билдирген эле. Ал эми А.Сартбаев эч кимге эч нерсе айтпашы керектиги боюнча тилкат жазып чыкканын айткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ