Италияда өткөн спорттук күрөш боюнча эл аралык турнир 16-январда өтүп, 62 кг салмакта 19 балбан кыз катышты. Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалдан катышып, айыгышкан таймашта Кытайдан келген спортчуну 6:6 эсебинде жеңди.
Чейрек финалда АКШдан келген балбан кызды 10:0 эсебинде утуп алды. Жарым финалда дагы бир америкалык кыздын эки далысын жерге жаткырып, финалга чыга алды.
Ал эми финалда болсо, Айсулуу 59 кг салмакта 2019-жылы дүйнөнүн вице-чемпиону болгон Орусиянын балбан кызы Любовь Овчарова менен чыкты. Экинчи периоддо орус кыз жаракат алып, андан ары күрөшүүдөн баш тартып, Айсулуу 7:2 эсебинде жеңишке жетишип, алтын медалдын ээси болуп калды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ