Menu

Министр Р. Казакбаев өзүнүн Казакстанга болгон сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри М.Б.Тлеуберди менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 29-октябрда КРнын Тышкы иштер министри Р.А.Казакбаев өзүнүн Нурсултан ш-на Казакстан Республикасына болгон сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри М.Б.Тлеуберди менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстандык кесиптеши Министр Р.Казакбаевди Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ведомствосунун башчысы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады жана андан аркы жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде, Министр Р.Казакбаев өлкөдөгү кырдаал акырындык менен турукташканын жана саясий процесстер конституциялык талаага кайтканын маалымдады, ошондой эле кыргыз тарап бардык өзүнүн эл аралык милдеттемелерин толук карманарына жана мурда кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерди аткараарына ишендирди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мыйзамга ылайык чет өлкөлүк, анын ичинде казакстандык инвестициялардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынаарын баса белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, миграциялык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казакстандык кызматташтыгынын кеңири күн тартиби боюнча пикир алмашышты. Тараптар эл аралык, регионалдык жана интеграциялык уюмдардын алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу темаларын талкуулашты, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын жайылышына биргеликте каршы күрөшүү маселелерин карап чыгышты. Министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин муктаждыктарына бекер негизде дары-дармектерди жана жеке коргонуу каражаттарын кыргыз тарабына берүүгө көмөк көрсөтүү  мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен казакстандык тарапка кайрылды.

Ошондой эле өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды эске алуу менен кыргыз тарабына финансылык-техникалык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

КР менен РКнын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары жүк ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, айрыкча коронавирус инфекциясы учурунда кыргыз-казакстандык мамлекеттик чек арасында туруктуу кырдаалды андан ары сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

 Тараптар мамлекеттик чек арада жүк ташуучу транспорттук каражаттардын өткөрмө жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу максатында навигациялык пломбалардын маалыматтарын  орнотуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууну колдошту.

Чек арадагы калган тоскоолдуктарды чечүү максатында кыргыз тарабы эки өлкөнүн ыйгарым укутуу органдарына мамлекеттик чек ара аркылуу ташуучулардын өтүүсү боюнча иш-аракеттердин бирдиктүү алгоритмин иштеп чыгуу боюнча тийиштүү кеңешмелерди өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле кыргыз тарабы казакстандык тарабына чек арага жакын аймактарга айыл чарба азыктарды экспорттоо, ошондой эле  жүктөрдү жеткирүү (транзит) үчүн биргелешкен соода-логистикалык борборлорду түзүүнү сунуштады.

Тараптар соода-энергетикалык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоого өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун аягында тараптар кыргыз-казактандык союздаш мамилелери жана стратегиялык өнөктөштүк  андан ары бекемделип жана эки боордош өлкөлөрдүн элинин кызыкчылыгы үчүн өнүгө берет деген ишеничин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: