Menu

Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Бишкек ЖЭБинин иши жана күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыздоого даярдыгы менен таанышты

Бөлүшүү:

КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев бүгүн, 25-ноябрда, өлкө жетекчилигинин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 2020/2021-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Рыскелди Мусаев борбор калаа тургундарынын батирлерине жылуулуктун берилишин камсыз кылуучу отказандар менен бууказандардын иштөө процессин көрүп чыкты.

Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаевдин жана Өнөржай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаевдин берген маалыматына ылайык, көмүрдүн суткалык керектөөсү орто эсеп менен 6-7,5 миң тоннаны түзөт. Ал эми жылдык керектөөсү 1 млн 110 миң тонна көмүр болсо, анын 800-850 миң тоннасы күз-кыш мезгилинин муктаждыгына кетет.

Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБине күз-кыш мезгили үчүн 295 миң тонна көмүр алынган, калган бөлүгү иш графиги менен, өз убагында берилип жатат.

Бишкек шаарынын ЖЭБи 2020/2021-жылдардын күз-кыш мезгилине борбор калааны жылуулук жана ысык суу менен толук камсыз кылууга даяр экени, бардык жабдуулар, казандар менен агрегаттар штаттык режимде иштеп жатканы белгиленди.

Таанышуу ишинин жыйынтыгы боюнча, КРнын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы өлкө жетекчилиги үчүн маалыматтарды жана Бишкек шаарынын ЖЭБинин ишин жакшыртууга багытталган тийиштүү сунуштарды даярдап берет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: