Menu

Садыр Жапаров: “Текебаев, Отунбаевалар көчөдө кыйкырып жүрбө бербей, Конституциялык кеңешмеге барып сунуштарын берсин”

Бөлүшүү:

“2010-жылдан бери Текебаевдин конституциясына альтернатива катары сунушталып келе жаткан конституциянын долбоорун, мен айткан сунуштарды эске алып, парламентке киргизгенбиз. Анткени, мыйзам жазуу же демилгелөө укугу 3 гана субъектиге берилген: өкмөткө, депутаттарга жана 10 миң шайлоочуга. Ошон үчүн Жогорку Кеңешке берип, анда дагы 80ден кем эмес депутаттын демилгеси менен кирет деп мыйзам менен көрсөтүлүп калган. Муну алар демилгелеп жатат, алар мыйзамдын автору эмес. Кол койгон депутаттар өздөрү да түшүнбөй калды. Текебаев кыйкырып чыкса эле коркуп кетишти дагы “туура эмес кирип жаткан окшойт” деп, колдорун чакыртып алган 4-5 депутат болду. Бирок кеп анда эмес, “чимкириктер карайбы?”, “парламенттин мөөнөтү өтүп кеткен” деп дагы жазып чыгышпадыбы. Муну өкмөттүк эмес уюмдар, түшүнүп-түшүнбөгөндөр жазып жатат. Ошондон кийин биз кеңештик дагы, Конституциялык кеңешме түзүлсүн дагы, ошолор карасын дедик. Мына бүгүн ар тармактын өкүлдөрүнөн турган 90дон ашык адам талкуулап жатат. Ошол эле Текебаев, Отунбаева көчөдө кыйкырып жүрө бербей Конституциялык кеңешмеге барып сунуштарын бере алат. Илимдер академиясында күнүгө талкуу жүрүп жатат”, – деп билдирди КР Президенттигине талапкер Садыр Жапаров түндө жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: