Menu

Тажикстанда пенсия берүү мекемесинде 100 миң доллар уурдоо фактысы аныкталды

Бөлүшүү:

Душанбеде райондук Социалдык камсыздандыруу жана пенсия берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Зарина Бокиева 1 миллион сомониден ашык (100 миң доллар) бюджеттик акчаны кымырып алган деп айыпталууда.

Бокиеванын туугандары ал бул сумманы толугу менен кайра өлкө бюджетине төлөп бергенин билдиришүүдө. Бирок Бокиевага документтерди жасалмалоо айыбы дагы тагылып, кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери аяктаганга чейин ал эркиндикте болот.

Өлкөнүн Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттиги 20-августта Зарина Бокиева 49 пенсионердин жеке маалыматтарын пайдаланып, 11 банк картасы аркылуу жалпысынан 1 миллион 423 сомони акчаны өзүнө алып алганын билдирген. Бул факты мекеме кызматкерлери тарабынан быйыл июнда аныкталган.

Учурда Тажикстанда пенсиянын орточо өлчөмү 305 сомонини түзөт. 1-июлга карата өлкө боюнча жалпысынан 699 миңден ашык пенсия курагындагы адам жашайт. Өткөн жылга салыштырганда бул үч пайызга көп.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: