Маалым болгондой Акаев менен Бакиев экөө тең балдарын чоң саясатка “агытып” жиберип, алардын азабын элге тарттырышкан. Акыры экөө тең Кыргызстандан куулуп, башка элди, башка жерди сагалап жүрүшөт. Ал эми президенттик кызматта 6жыл иштеген Атамбаев үч эркек баласын, үч кызын тең саясатка жолоткон жок. Эл алар тууралуу кененирээк маалыматты Атамбаев камалган соң гана билип, өздөрүн көрүп жатышат. Албетте, бул жагы саясатчылар үчүн да чоң үлгү болду. Атамбаевдин сыймыктанган балдары тууралуу маалыматка төмөндө көз чаптырыңыз.
Cейитбек Атамбаев
1976-жылы 2-июлда Москва шаарында төрөлгөн.
Билими:
-1993 -Бишкектеги №67-мектепти аяктаган;
– 1998 – Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин инженер-куруучу адистигин аяктаган;
2008 – КР президентинин алдындагы башкаруу академиясынын менеджер адистигин бүтүргөн;
2008-жылы Германиядагы Іnvent аталышындагы кичи жана ири бизнести өнүктүрүү программасын окуп, стажировкадан өткөн.
– Иш тажрыйбасы:
1999- 2000 – үчүнчү категориядагы инженер-конструктор;
2000- 2001 – механика жыйноо ишинде слесарь, экинчи даражадагы слесарь;
2002-2003 – “Асанда” ЖЧКсында инженер-конструктор;
2003-2004 – “Экол” кыргыз-түрк биргелешкен ишканасынын жарнама жана сатуу бөлүмүнүн жетекчиси;
2005-2007 – “Кыргыз Автомаш” ишканасынын финансы-эсепчилик бөлүмүндө финансылык аналитик;
2007-жылдан тарта жеке ишкер.
Үй-бүлөлүү, Селим, Али аттуу ,5 уулдардын атасы.
Селим Атамбаев. Улуу баласы Селим Атамбаев 2008-жылы туулган. Шахмат боюнча бир катар турнирлердин алтын байге ээси, жеке кармаштар боюнча эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, таэквондо боюнча кара курдун ээси.
Али Атамбаев. Экинчи уулу Али 2012-жылы төрөлгөн. Быйыл, 2019-жылы, таэквондо боюнча Азия чемпионатында алтын медаль уткан.
Сейтек Атамбаев
Атасынын ишкердигин уланткан Сейтек…
Атамбаев Сейтек 1978-жылы 13-октябрда Москва шаарында туулган.
Билими:
1996-2001-жылдары Бишкек гуманитардык университетинин Экология жана менеджмент бөлүмүн аяктан.
Эмгек жолу:
2004-жылдан тарта “Автомаш Экол” ЖЧКда – сатуу бөлүмүнүн менеджери;
2007-жылдан тарта “Автомаш Экол” ЖЧКда – сатуу бөлүмүнүн башчысы;
2007-жыл, 10-май- 4-сентябрь “Газпром Нефть Азия” ЖЧКда – Логистика департаментинин адиси;
2013-2014-жылдары “Автомаш Энерго” ЖЧКда – башкы директор.
Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулду тарбиялайт.
Кадыр Атамбаев
Жазуучулук меңен алектенет…
Кадырбек Атамбаев 1993-жылы 26-апрелде Бишкек шаарында туулган. Атасы мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, энеси Раиса Атамбаева. Алты бир тууган.
Билими:
2000-2011 -Бишкектеги №29-мектеп-гимназиясында окуган;
2011-2015 – Борбор Азиядагы Америка университетинин бизнес башкаруу факультетинде билим алган;
2018 – Москвадагы мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун (МГИМО) мамлекеттик жеке өнөктөштүк багыт боюнча магистратурасын бүтүргөн.
Илимий жааттагы китеп, макалаларды автору, жазуучулук менен алектенет.
Бойдок.
Кыздары тууралуу кыска маалымат
Атамбаевдин уулу кыздары Диана жана Динара жөнүндө маалымат аз. Динара Атамбаева 2003-жылы Кыргызстандын Футбол федерациясынын жетекчиси болуп бир топ жыл эмгектенген Семетей Султановго турмушка чыккан. Генерал Алымбай Султановдун келини. Жеке ишкерлик менен алектенет. Ал эми Диана Атамбаева “РСК банктын” мурунку жетекчиси Азизбек Өмүркуловдун жубайы болгон. Азыр эки ача жолдо. Кенже кызы Алия Шагиева коомчулукка көбүрөөк белгилүү, сүрөтчү. Учурда бир уул, бир кыздын апасы.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ