Монголиянын Конституциялык сотунун башчысы Д.Одбаяр менен Кореан Эйр учагында болгон окуядан кийин Монголияда мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-туруму жөнүндө кодекске жана мамлекеттик кызмат мыйзамына өзгөртүү киргизишти. Д.Одбаяр бир аялды кечке карай берип, анан тигил сексуалдык жактан тийишти деп полицияга кайрылган. Тилекке каршы, окуя кандай өнүккөнүн интернеттен издеп таба алган жокпуз.
Эми мамлекеттик кызматкер айымдарды 5 секунддан ашык карап койсо, тийишкендикке жатат. Ошондой эле төмөнкү эрежелер кирди:
– бизнес-класс менен учууга болбойт;
– кызматтык автоунааларды жеке ишине пайдаланууга болбойт;
– айлык акысынан кымбат турган белектерди алууга тыюу салынат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ