Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу боюнча комтитети 2020-жылга карата КРнын өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамкомитетинин борбордук аппаратын каржылоо үчүн кошумча каражат бөлүүнү өкмөткө тапшырды.
Негизги себеби – кызматкерлерди материалдык жактан колдоо жана мыкты адистердин кетишин токтотуу үчүн айлык акынын төрт эсе өлчөмүндө премия берүүгө жылына 17 млн талап кылынат экен. Ошондой эле геологиялык чалгындоого 31 млн сом, өлкө түштүгүндөгү жер көчкү жерлерди изилдөө үчүн кошумча 20,181 млн сом бөлүүнү өкмөткө тапшырышты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ