Бишкектин мэри А. Суракматовдун айтымында, 20-апрелден кийин шаарга мурда сатып алынган 60 автобус келет.
«Жаңы автобустарды 29-апрель шаар күнүндө каттамга чыгарууну пландап жатабыз. Учурда алардын каттамы боюнча иш жүрүүдө. Автобустар жетишпеген каттамдарга кошумчалап, борбор жакта маршруттук унааларды аларга алмаштырышыбыз мүмкүн», —деди ал.
Ал белгилегендей, долбоордун экинчи баскычы боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бишкек мэриясы ошондой эле жаңы автобустар жалаң гана газ менен жүрүп, билет алуу Союздун учурундагыдай талон системасы аркылуу болорун билдирүүдө.
Чындыгында акыркы жылдары борбор калаабызда жүргүнчүлөрдү тейлеген жеке менчик коомдук транспорттун абалы өтө начарлап, айдоочулардын тейлөө маданияты, жүрүш-турушу, жүргүнчүлөргө жасаган мамилеси элдин кыжырын келтире баштаган. Алар каалаганда жүрүп, каалабаса токтоп, жалаң гана акча менен иштеп калышкан. Эми жаңы автобустар менен кошо бул көйгөйлөр жоюлуп, коомдук транспортто элди тейлөө цивилизациялуу жолго түшөт деп ишенебиз.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ