3-декабрда Бажы мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 10 айда 1447 мыйзам бузуу катталган. Алардын ичинен:
- Мыйзам бузуулардын бирдиктүү реестринде катталганы – 1246. Бул былтыркыга салыштырмалуу 198 фактыга көптүк кылат.
Айып пул салуу жана товарлардын баасы – 7 млн 100 миң сомду түзгөн. 162 млн 500 миң сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн.
- Кылмыштардын бирдиктүү реестринде – 201 факт катталган, былтыркыга салыштырмалуу 68 фактыга көптүк кылат.
Козголгон кылмыштар боюнча мамлекеттик бүджетке зыян келтирилген сумманын 35 млн 900 миң сому кайтарылган.
Республикалык бүджетке кошумча төлөмдөрдүн негизинде 205 млн 600 миң сом түшкөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ