Кыргызстандын жараны ок жеп жарадар болгондугу жөнүндө WhatsApp тиркемесине тараган маалыматты тактоо максатында Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин жана Кыргызстандын ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү аймактык полицияга кайрылышты.
Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаевдин маалыматына таянсак, Москва шаарынын Черемушки аймактык полициясы Кыргызстандын жараны жаракат алгандыгын тастыктады. 31 жаштагы мекендешибиз Дж.Т Москва шаарындагы дүкөндүн биринин чыга беришинде жергиликтүү тургундар менен кайым айтыша кетип, акыры ок жеген. Ушул тапта процессуалдык чечим чыгаруу үчүн материалдар топтолуп жатат. Кыргыз жаранынын абалын билүү максатында Кыргыз элчилигинин кызматкерлери Москва шаарындагы И.Пирогов атындагы №1 шаардык ооруканасына барышканда, жабырлануучунун башы жарылып, мээси чайкалгандыгы жана сол жак саны дагы жаралангандыгы аныкталды. Учурда мекендешибиздин саламатчылыгы жакшы.
Ушул тапта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлеринин түздөн-түз жардамы аркасында Москвада жараланган Кыргыз жаранынын анын Ата Мекениндеги туугандары менен байланышы нукка салынды. Ал эми жергиликтүү укук коргоо органдары бул фактынын негизинде териштирүү иштерин баштады.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ