Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Кара-Суу шаарында бир жашар кыз уксус ичип алган. Жанында отурган ата-энеси кызынын уксусту колго алганын байкабай калган. Наристе ооруканада өзүнө келбей жан берген. Уксус ичип 20 жаштагы келин да өз жанын кыйды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Кадамжай шаарында келин күйөөсү менен урушуп кеткенден кийин уксус ичип алган. Келиндин эгиз кыздары калды. Күйөөсүнө «өзүн өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен иш козголуп, камакка алынган.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ