Menu

Бишкекте “Саясий туткундарды коргоо комитети” митинг өткөрдү

Бөлүшүү:

Бишкекте “Саясий туткундарды коргоо комитети” Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрдү. Аталган комитет төрагасы Сапар Аргымбаев нааразы тарап немис элчилигине кайрылуу жолдой турганын билдирди. Анда Евробиримдик, анын ичинде Германияга Кыргызстандагы бийлик режимин саясий жана каржылык колдоону токтотуу чакырыгы ташталган.

– 25 саясий туткунду негизсиз жерден кармап, алардын укугун одоно бузган саясий режимди Евробиримдик айыптап, ага карата колдоонун бардыгын токтотсун, – деди Сапар Аргымбаев.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде “бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган” деп камакка алынган Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу камаган. Бийлик алар мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенгенин айткан. Өздөрү жана жергиликтүү жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттогонун белгилеп келишет. Адвокаттар Биринчи Май райондук сотунун үстүнөн жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришкен. Соттолгон төртөөнөн тышкары Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматов да жогоркудай кине менен камакта отурушат, соту аяктай элек.

Аларды негизсиз камап койду деген жүйө менен жакындары, активисттерден турган Саясий туткундарды коргоо комитети былтыр сентябрда Бишкекте түзүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: