Menu

Кыргызстан Президентинин Аппарат Жетекчиси КМШ өлкөлөрүнүн маалымат агентчиликтеринин жетекчилер Кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда КМШ өлкөлөрүнүн маалымат агентчиликтеринин жетекчилер Кеңешинин (КМШ Маалымат кеңеши) мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Досалы Эсеналиев катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан салам жолдоду. Ал кеңештин кезектеги юбилейлик жыйыны үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын талаасында өткөнүн жана анда туризмди өнүктүрүү маселесинин талкууланышы кокусунан эмес экенин белгиледи.

«Биз КМШ Маалымат кеңешинин ишинде Шериктештик элдеринин маданий салттарын жана баалуулуктарын чагылдырууга улам барган сайын көбүрөөк басым жасалып жатканын жакшы баалайбыз. Ал эми кеңештин кезектеги бир жыйынында Кыргызстандагы үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу маселеси атайын талкууланган», — деп белгиледи Президенттин Аппарат  Жетекчиси.

Кыргыз Республикасы КМШ Маалымат кеңешинин КМШ өлкөлөрүнүн маалымат чөйрөсүндө өз ара аракеттенишүүсүн жана кызматташуусун камсыз кылууга багытталган ишмердигин колдой турганы белгиленди. «Мамлекеттик маалымат агентчиликтеринин жетекчилеринин — КМШ Маалымат кеңешинин мүчөлөрүнүн башкы милдеттеринин бири — бул Шериктештикте жүрүп жаткан интеграциялык процесстер жөнүндө калкка маалымдоо», — деди Досалы Эсеналиев жана кеңеш мындан ары карай да биздин жалпы маалымат айдыңыбызды бекемдөө менен КМШдагы интеграциялык процесстердин маалыматтык бөлүгүн активдештирип жана кеңейте берсе деген каалоосун билдирди.

Эске салсак, КМШ Маалымат кеңеши 1995-жылы Шериктештикке кирген мамлекеттер башчыларынын чечими менен түзүлгөн жана Шериктештик өлкөлөрүнүн ортосундагы маалымат алмашууну кеңейтүү боюнча маанилүү милдетти аткарат. Кеңешке Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Тажикстандын жана Россиянын мамлекеттик маалымат агентчиликтери кирет. Анын кезектеги XXV жыйыны 2018-жылдын 6-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: