Menu

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 1-июндан тарта кайсы тармактардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилгенин айтты

Бөлүшүү:

2020-жылдын 1-июнунан тартып, буга чейин коронавируска байланыштуу ишин токтоткон экономикалык тармактар ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

“Керектөөчү товарларды, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү иштеп баштайт. Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү иштейт. Буга чейин анын кээ бир түрлөрүнө уруксаат бергенбиз, 1-июндан тарта бардык түрлөр ишке киришет. Андан сырткары, жарнама агенттиктери, аудит жана консалдинг компаниялары иштейт” – деп билдирди Кубатбек Боронов.

“Көпчүлүктө суроо жараткан туристтик жана эс алуу жайлары да ишке киришет. Эс алуу үйлөрү, пансионаттар, тарыхый жайлар ж.б. Булардын кандай иштөө тартиби Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп чыккан эрежеси, алгоритмге ылайык болушу керек. Бул боюнча да маалыматтарды жарыялайбыз. Ошондой, туризм министрлиги да 1-июнга чейин  иштөө тартиби тууралуу байма-бай маалымат беришет” – деп кошумчалады биринчи вице-премьер-министр.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: