«Жандооч кийик аттырат» дейт. Тилекке каршы, өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев президент Сооронбай Жээнбековго жарыгын тийгизе албады. Кедеринен кетти. 17-мартта Аксы окуясын эскерүүдө Боспиектен маркумдардын жакындарына сөз бердирип койсо болмок. Бул иш губернатордун милдети эле. Андай болбоду. Аксы шейиттеринин туугандары нааразы болушканы талуу кепке айланды. Сатыбалдиевдин саясатты аңдабаганы, коомдук иштердин өтөөсүнө чыга албаганы дал ушундай чабалдыгынан байкалып, өзү эле уят болбой, президентке да сөз тийгизип коюп атат. Кыянбектин мындан башка да «былыктары», ызы-чуулары ЖМКларга жабырап чыгып келген. Качанкыга чейин чала сабат жетекчи сөрөйлөрдү кармап отурабыз? Ушулардын айынан өнүкпөй атабыз го?..
Акын Бекчороев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ