Бүгүн – 17-ноябрь эл аралык студенттердин күнү. Бул салтанат 1946-жылы 17-ноябрда Чехословакиянын борбору Прага шаарында Студенттердин дүйнөлүк конгрессинде бекитилген. Аталган майрам Жалал-Абад шаарында да белгиленип, студенттер үчүн “Ала-Тоо” ресторанында чоң масштабда иш-чара өтөт. Бул тууралу шаардык мэриянын алдындагы жаштар комитетинин төрагасы Байышбек Ташматов билдирди.
Анын айтымында, бул майрамга карата иш-чаралар былтыркы жылыда жогорку деңгээлде уюштурулган.
-Ушундай саамалык быйылкы жылы да улантылып жатат. Мындай иш-чараны өткөрүүбүздүн негизги максаты жаштар арасында достук мамилени чыңдоо, бири-бирин сыйлоо, алардын терс жолдорго түшүп кетүүсүнүн алдын алуу, активдүү жашоого үндөө болуп эсептелет. Албетте бул расмий майрам болбосо да, биздин жетекчилерибиз жаштарга кайдыгер карабастан областтык жана жергиликтүү бийлик тараптан акчалай колдоолор көрсөтүлүп жатат. Биз аларга терең ыраазычылык билдиребиз, – дейт ал.
Эскерте кетсек, студенттер күнү Кыргызстанда расмий болбосо да 1990-жылдан бери студенттер арасында такай майрамдалып келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ