Menu

Орусияга кошулууга үндөгөн казакстандык 5,5 жылга соттолду

Бөлүшүү:

5-декабрда Петропавловск шаардык соту социалдык түйүндөр аркылуу улуттук кастыкты козуткан жана Орусияга кошулууга үндөгөн деген айыптар менен Түндүк Казакстан облусунун жашоочусу Игорь Чупринди 5,5 жылга соттоду. Прокуратура анын 7 жылга эркинен ажыратылышын суранган болчу.

Тергөөнүн версиясы боюнча 37 жаштагы Чуприн 2014-2015-жылдар аралыгында ВКонтакте түйүнүндөгү баракчасына «колдонуучулардын терс реакциясы менен социалдык чыңалууну жараткан» жана «улуттук жек көрүүчүлүк белгилерди камтыган» билдирүүлөрдү жарыялаган.

Соттогу акыркы сөзүндө Чуприн казак элинен кечирим сурады. Бирок баары бир эки берене боюнча күнөөлү деп табылды.

Түндүк Казакстандагы Петропавловск шаарында этникалык орустар жана орус тилдүүлөр басымдуулук кылат. Шаар Орусия менен чектешет. Казакстанда 2015-жылдан бери интернет аркылуу жикчилдик жана улут аралык араздашууну козуткан деп кеминде төрт киши соттолгон. Орусия Крымды аннексиялап, Чыгыш Украинада жикчилдерди колдогондон кийин Казакстанда жикчилдик боюнча тынчсыздануу күчөгөнү айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: