Menu

Өлкөдө шайлоого үгүт өнөктүгү башталды

Бөлүшүү:

Кыргызстанда президенттик кызматка ат салышып жаткан саясатчылар  10-сентябрда расмий түрдө үгүт өнөктүгүн баштады. Жер-жерлердеги жолугушуулар, жарнамалоо иштери 34 күнгө созулуп, шайлоодон бир күн мурда, тагыраак айтканда 14-октябрда токтотулат.

– Кыргыз Республикасынын президентин шайлоону даярдап-өткөрүү боюнча эң жооптуу, чоң этап – үгүт иштери башталды. Үгүт 14-октябрь күнү эртең мененки саат 8:00гө чейин жүргүзүлөт. Эми шайлоого 25 күн калганда шайлоо бюллетенинин формасы, тексти бекитилет. Ага канча киши кирет ошондо белгилүү болот. Ага чейин сот органдары же БШК каттоо тууралуу чечимин жокко чыгарышы же айрым талапкерлер өздөрү баш тартышы мүмкүн. Анын алдында талапкерлердин бюллеттендеги номурларын аныктоо боюнча чүчүкулак өткөзөт, – деди БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 13 кишини каттап, талапкер макамын берген. Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Эрнис Зарлыков, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Токтайым Үмөталиева, Улукбек Кочкоров, Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков, Камчыбек Ташиев жана Арстанбек Абдылдаев.

Боршайкомго президенттик жашырка катышуу ниетин билдирип жалпысынан 59 адам кайрылган. Айрымдары өз арызын кайтарып алса, кээ бирлери тийиштүү шарттардан өтпөй, талапкер болбой калышты.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: