Бишкек шаарында “Глобус” дүкөндөр тармагынын биринен курттаган конфеттер табылды. Бул тууралуу видео Фейсбук социалдык баракчасындагы “Черный список” группасына кечээ, 9-январь күнү жарыяланган.
Видеодо көрүнгөндөй, “Глобус” дүкөнүнөн шаар тургундары балдарына “Крокант” конфетин сатып алышкан. Үйүнө келгенден кийин конфеттерден 1-2ни балдары жегенден кийин апасы курттарды байкап калган. Бул көрүнүшкө ачуусу келген ата-эне ар бир конфетти ачып көрүп, бардыгында курттар жүргөнүнө күбө болушкан. Алар таттууну алган “Глобус” дүкөнүнө келип, текчедеги курттап кеткен “Крокант” конфеттерин дүкөндүн кызматкерине көрсөткөн.
Балдарынын ден соолугуна сарсанаа болгон ата-эне бардык тиешелүү органдарына кайрыларын билдиришкен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ