Бүгүн, 2-мартта Бишкекте өткөн Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингинин катышуучуларынын бир тобу кечки саат 18:15те Ала-Тоо аянтынан бөлүнүп, Ак үйдү көздөй бет алышып, алдынан тосуп чыккан милиционерлерди таш бараңга алышты. Айрым милиция кызматкерлери таштан жаракат алышты.
Ага жооп кылып милиция суу аткыч менен атып, тарсылдак, куру дүрмөт граната ыргытып, кармоолор менен митингди 15 мүнөттө кууп-таратты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ