Menu

Келечектеги генерал Мирлан Каниметов 50 жашта!

Бөлүшүү:

Бүгүн 22-сентябрда ички иштер министринин орун басары, милициянын айтылуу полковниги Мирлан Каниметов 50 жашты багынтты.

Ал элүү жылдык өмүрүнүн 30 жылын кыргыз милициясы, өлкөбүздүн коомдук, коопсуздугу, укук тартиби жана уюшкан кылмыштуулукка каршы жан аябай салгылашып, бул жааттан күндүр-түндүр кирпик ирмебестен мекен чегинде күзөтүн улантып келет. Дал ушундай карандай эмгегинин аркасында каарманыбыз кезегинде бет келишкен эки аяктуу “адам сымал” колу кан канкорлор менен жалтанбай ок атышып, андай эр жүрөк эрдиги аркылуу бүтүндөй Ала-Тоо ичине дүң болгон! Бүгүн да иштин кызыкчылыгы үчүн эч моюбай, мамлекетибиздин ички-тышкы коркунучтары менен кылмышкерлерге каршы жан аябай алпурушуп келатканы факт! Бул жагынан анын эрдиктери менен кыргыз милициясы, кыргыз эли үчүн кылган кызматтары ММКда дүңгүрөгөн тейде чагылдырылып, жалпы эл кабардар болгонун кайда катат элек?

Анда, сөздү узартпай, ток этерине келгенде бүгүн системадагы абройлуу Каниметовдун 50 жашка толгонун угуп, куттук сунуп турубуз! Өзү жетекчилигинде турган тармактагы формачандар арасында “үчтүн бирине” айланган, “оперлердин атасы” атка конгон Каниметовдун бүгүнкү өздүк майрамында азын-оолак куттук кебибизди ыроологубуз келди. Табиятынан туруктуу, өжөр, мырза сапаттарга бай жигиттин гүлүнө куттук кепти арнаштын өзү да сыймык эмей эмне?! 

Ким кандай дебесин, Мирлан Каниметовдун кыргыз милициясына кылчу миссиясы али да аягына чыга элек. Өзгөчө анын кылмышкерлер менен күрөшүүдөгү жан аябаган зор тажрыйбасы келечектеги милициянын жаш курсанттарына үлгү боюнча калаарын бөркүңөрдөй көрсөңөр болот.

Ылайым түндүгүңүздөн тирүүчүлүктүн түйшүгү түгөнбөсүн! Эң башкысы жигитсиз! А сиздей чыныгы эр азаматка ылайым Жараткан өзү жар болуп, жигиттин пири “Шаймерден” жандооч болсун! Жаштан-жашка толуп, бар болуңуз келечектин генералы! Биз сизди мындан ары да бийиктиктерден көргүбүз келет.

Отставкадагы офицерлер    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: