Menu

Абактагы Райкан Төлөгөновго операция жасалат

Бөлүшүү:

Төлөгөновдун саламаттыгы начарлап кеткендигине байланыштуу, 1-тергөө абагынан №47 жатак абагына дарылануу үчүн которулаары белгилүү болду.

Райкан Төлөгөновдун соттук териштирүүсү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда уланып, күбө катары суралган Болот Шер анын пайдасына көрсөтмө берди. Ал козголгон кылмыш иши саясий куугунтук экенин белгилеп, Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде талап-тоноочулук кылган деген айыптоолорго ишенбей турганын билдирди. Андан соң айыпталуучу Төлөгөнов бейшембиге белгиленген отурумду 13-сентябрга жылдыруу өтүнүчүн желтирип, сот аны канааттандырды. Буга Төлөгөновдун саламаттыгы начарлап, №1 тергөө абагынан №47 жатак абагына которулушу себеп болду. Жактоочу Сартбай Жайчыбеков Төлөгөновдун уйку артериясы бүтөлүп, 47-абакта ага операция жасалаарын айтууда. Бул туурасында ал: «Төлөгөновдун абалы диагноз боюнча да, азыркы турушу боюнча да оор. Медициналык термин боюнча айтсак, уйку артериясы бүтөлүп калган. Тагыраак айтканда, артериядан 25 пайыз гана кан өтүп жатат. Бул эс-тутумун начарлатып, инфарктка алып келет. Муну дарыгерлер изилдеп, тастыкташты. №47 колонияда ага операция жасоо маселеси чечилет. №1 тергөө абагында медициналык жардам көрсөтө алышкан жок. Төлөгөновдун саламаттыгын ЖАМКнын коллегиясы, республикалык кардиологиялык оорукананын врачтары текшерип, оор деп бүтүм чыгарышкан», – деп билдирди.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: