Menu

Билим берүү системасындагы диверсия…

Бөлүшүү:

Билим берүү – бул коомдун өнүгүшүнө жана функционалдашуусуна активдүү таасир этүүгө жөндөмдүү, салыштырмалуу өз алдынчалыкка ээ автономдуу система. Бирок билим берүүнүн башка тармактарга салыштырмалуу өз алдынчалуулугу ашыра пайдаланылып, анын мамлекеттик милдеттемелерден такыр эле оолактап кетишине жол берилбеши керек. 

Тилекке каршы, мамлекеттик саясаттын бир катар маанилүү багыттары теңирден тескери жолго түшүп алган Кыргызстанда билим берүү системасы да кризиске белчесинен эмес, керек болсо, кокосунан баткан десек болот. Өлкөдөгү жалпы экономикалык абалга шылтап, тармактын күнүмдүк маселелерин чечүү менен алектенген өкмөт же мамлекет улуттун келечек тагдырын тайкылантчу маселеге, тактап айтканда, билим берүүгө көз жумду мамиле кылууда. Керек болсо башында сөз болгон билим берүүнүн автономдуулугу да кыргызга каршы иштеп жатканы өкүнүчтүү. Бул өзгөчө жогорку окуу жайларында байкалат. Мисалы, министрликтин буйругу менен сөзсүз түрдө киргизилиши милдеттендирилсе да айрым окуу жайларда “Манас таануу” сабагы өтүлбөйт. Окуу жайдын жетекчилиги “битирлик кылып, каражат үнөмдөп, кошумча штат ачкысы келбей жатат” дейин десең, ал жерде “Гендердик укук” деген сабак кадимкидей өтүлүп жатканына күбө болосуң. Бул өзгөчө жеке менчик ЖОЖдорго тийиштүү көрүнүш. Бул билим берүүдөгү “көзкаманчылык” эмей эмине?

Билим берүү системасы мамлекеттин улуттук кызыкчылыктар тутумундагы өзгөчө маанилүү багыт. Себеби, бул система мамлекеттин келечеги болгон жаштардын, өспүрүмдөрдүн адам, инсан катары калыптанышында чечүүчү ролду ойногон институт. Орто жана жогорку билим берүү системасы аркылуу жаш муундун социалдашуу процесси ишке ашат, ал өз кезегинде 20-30 жылдан кийин коомдун негизин түзгөн муундун дүйнө таанымын, саясый маданиятын калыптандырат. Өлкөбүздүн билим берүү системасынын мектептик жана ЖОЖдук деңгээлдеринде улуттук кызыкчылыкка караманча каршы келген көрүнүштөр кездешет. Өткөн жылы КР президентинин алдындагы Башкаруу академиясында кыргыз тили такыр эле окутулбасы белгилүү болду (белгилүү эле болчу, ачыкка чыкты). Муну ачыктаган мамлекет башчысы окуу жайды каарып өттү, эгер бул кемчиликти президент айтпай, башка бирөө айтса, ал окуу жайдын жетекчилигинин кулагынын сыртынан кетмек. Чыңгыз Шамшиевди европалык билимге ээ, жаңыча ой жүгүрткөн либерал окумуштуу катары жогору баалайм. Ал өзү жетектеген окуу жайда колдоого татырлык реформаларды жүргүзгөн. Мен Чыңгыз менен ал КР президентинин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунда директор кезинде коопсуздук боюнча эксперт катары чакырылып, эки ирет жекече аңгемелешип, ой чабытынын кенендигине, реформаторлук духуна ыраазы болгом. “Либералдык идеялары кыргыз кыртышына сиңээр бекен?” деген ойдо калгам. Жогорудагы орой кемчилиги менен ал өзү эле уятка калбастан, бүтүндөй жогорку билим берүү системасынын башын коомчулук алдында шылкыйтты, ал эле эмес улуттун рухий агаларынан болгон атасын да жаман абалда калтырды. Ушундай мекендеш, эң жогорку деңгээлдеги европалык билим, жаштык жигер, реформатордук дух болгон менен жандүйнө, улуттук көрөңгөдөн куржалак калып, Батышчылыкка ашкере сугарылып калса, биздин баа жеткис этнопедагогика, үй-бүлөлүк тарбияда колдонулбаган болсо, кайсы жетекчи болсун, эртеби-кечпи, улуттук кызыкчылыкка каршы кадамдарга билип-билбей барып алышы мүмкүн.

Билим берүүнүн деңгээлинен эмгек ресурстарынын деңгээли, б.а. келечек коомдун экономикасынын деңгээли да көз каранды. Билим берүү системасы атуулду калыптандырат, ал аркылуу коомдук турмуштун саясый чөйрөсүнө таасир этет. Ал аз келгенсип, билим берүү өзүнүн маданий-тарбиялык функциясы аркылуу келечек коомдун рухий жашоосуна да таасир этет. Анда эле Кыргызстандын келечеги туш тараптан бүдөмүктөнүп баратканын элестеткен божомол ачуу чындык. Себеби, билим берүүнүн деңгээли Кыргызстанда кескин төмөндөп кеткени жана да жыл өткөн сайын тездик менен төмөндөп жатканы жашыруун эмес. Жеке мен ЖОЖдун окутуучусу катары “Кыргызстандын тарыхы” сабагынан мамлекеттик экзамендерге катышып, “Ч.Айтматов эл артисти”, “колхоз – тарбиясы жок айылдык бала”, “Маркс, Энгельс аялы менен күйөөсү”, “Тоголок Молдо басмачы болгон” дегендей төбө чачты тик тургузган жоопторго күбө болом. Албетте, буга сабактарды жеткиликтүү бере албаган мугалимдер жана окуйм деп келип, убактысынын көп бөлүгүн иштеп акча табуу менен өткөргөн студент да күнөөлүү дейли. Бирок мектепти бүтүп келген абитуриенттердин билим деңгээли да туруктуу түрдө төмөндөөдө. Дагы азырынча айылдык мектептерде мурдагы союздук закалкадан өткөн мугалимдер иштеп жатышат, бери жагы 5 жыл, ары жагы 10 жылда алардын дээрлик баары пенсияга чыгып кетишет. Алардын ордун  мектепти бүтөөр менен ЖОЖдордун сырттан окуу бөлүмдөрүнө тапшырып коюп, мектепте иштеп калышкан жаш мугалимдер басат. Ошондогу билим берүүнүн абалы кандай деңгээлге түшөт? Аны элестеткиң да келбейт. Кыргызстандагы орто билим берүүдөгү “жаш мугалимдин депозити” программасын тармактык эле эмес, улуттук долбоорго айландыруу кечиктирилгис чаралардан.

Албетте, “баары нөл болуп калды” деп оозду куу чөп менен аарчыбайлы. Билимдүү, акылы зирек, тубаса жөндөмдүү, жоопкерчиликтүү, жакшы окуган улан-кыздар да бар. Бирок ошондой окуучуларды Кыргыз-Түрк лицейлери, андан ары Кыргыз-Түрк университеттери, Орто Азиядагы Америка университети, Кыргыз-Орус славян университети сыяктуу окуу жайлар каймакты калпыгандай калпып кетип жатат. Ооба, ал окуу жайлардан жаштар татыктуу билим алышат, кийин программалар аркылуу ошол эле мамлекеттерде билимин улантышат, биринчи мүмкүнчүлүктө эле ошол жакта иштеп калып жатышат. “Багы жокко дагы жок” дегендей болуп, экономикабыздын чабалдыгынан биздеги айлык акы менен аларды байлап да Кыргызстанда алып кала албайсың. Ал эми мамлекеттик жана менчик окуу жайларда билим алган студенттердин армиясы күнү-түнү иштеп, лекцияларда үргүлөп отуруп же келбей эле сабактарын айлыктын аздыгынан акчага күнкор болгон окутуучу аркылуу бир басып келбей жүрүп бүтүп, профессионалдык-интеллектуалдык сапаты төмөн адистердин катарын толуктайт. Андан алар иштеген мекеме, система, түпкүлүгүндө мамлекет жабырланат. “Ураалап андан башка жол жок” деп биз өткөн болондук система ЖОЖдук билим берүүнү талкалап тынат окшойт. Азыр балдарыбыз көз алдыбызда ар бири өз бөлмөсүндө үңкүйүп, кол телефону менен таң атырып интернеттин, уюлдук байланыштын “зомбисине” айланууда. Ал аз келгенсип, ЖОЖго келгенде болондук жазуу түрүндөгү тест студенттердин ойлонуу жөндөмүн, сүйлөө маданиятын кескин төмөндөтүүдө. Так, табигый илимдер факультеттери го мейли дейли, социалдык-гуманитардык адистиктердин студенттерин да көзүн жалдыраткан, колунун манжалары менен сүйлөгөн роботторго айландыруудабыз. Батыштан таңууланган болон процессинен Оруссиянын, керек болсо Чыгыш Европанын айрым окуу жайлары баш тартууда. Биз болсо Бажы биримдигине ураалап кирип кеткендей эле болондук системаны артка кайткыс таризинде кабыл алып алганбыз.

Кыргызстандын билим берүү системасын агын суудагы айлампага салыштырсак, анда билим алган жалкоо, билим алууга жоопкерчиликтүү мамиле кылбаган же антейин десе ага шарты жок студенттер айлампадан сыртка чыгып калган келечеги күмөндүү шилендиге, агындыга окшош. Ал эми татыктуу билим алып, дүйнөлүк окуу жайларда билимин өркүндөтүп жаткан жаштарды, агын менен кошо кеткен айылына, ата мекенине пайдасы жок ааламдашуунун курмандыктары катары кабыл алып, кол булгап кала беребизби? Айтор, каңырык түтөйт. Бул тармакка жетекчиликке Элвира Сариева келгенде “башка чөйрөдөн келди, системанын көйгөйлөрүн чечүүдө калыптанган нуктан чыгарып, чечкиндүү реформаларга барат” деген чоң үмүт болгон. Экс-министр жакшы демилгелерди көтөрдү, бирок анын бири да аягына чыккан жок. Же “жаңы келген жаш келиндей үлбүрөгөн” министр айымды түшпөс идеясы жок директорлор, райОНОлор, 10-15 жылдап иштеген “шаа мүйүз” ректорлор тоготкон жок. Бул министрликке тармактын мектептик, ЖОЖдук тепкичтерин басып өткөн, системаны “коен жатагына” чейин билген директор, ректорлор эмне менен дем алганын билген реформатор жана ошол реформаларды аягына чыга алган эрки күчтүү, укуругу узун жетекчи керек. Болбосо баарыбыздын көз алдыбызда билим берүү системасы талкаланууда. Ага билим берүү кызматкерлери, ата-энелер, жалпы коомчулук көз жумду мамиле кылуудабыз. Билим берүү системасын аң-сезимдүү түрдө талкалоо мамлекеттүүлүккө каршы диверсия менен барабар.

Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ, саясый илимдердин кандидаты, доцент

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: